КАРА КУРТ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жөргөмүш түркүмүнө кирген, уусу өтө күчтүү, түсү кара, жонунда бир нече кызыл темгилдери бар, шыбактуу жерде жашоочу курт. Эгин чаап жүргөндө Тойлукени кара курт чагып, эс-учун билбей жыгылган (Айтматов). Кара курту бармактай, Кымыздыгы билектей («Манас»).